WhatsApp жакында эски iPhone телефондорунда иштөөнү токтотот
WhatsApp тиркемеси жакынкы аралыкта iPhone уюлдук телефондорунун эски версиясында иштөөсүн токтотот. Бул тууралуу Ixbt.com сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
WhatsApp тиркемесинин iOS үчүн жаңы бета версиясында iOS 9 операциялык тутумун колдоо жоголуп кеткен. Эскерте кетсек, WhatsApp тарабынан мобилдик түзмөктөрдү колдоонун акыркы кыскартуусу 2020-жылдын февраль айында болгон. Андан кийин, WhatsApp тиркемеси Android иштөө тутумунун 2.3.7 жана андан эски версиялары, ошондой эле iOS 8 жана андан эски версиялары бар смартфондордо иштөөнү токтоткон.
WhatsApр тиркемесинин туруктуу версиясында азырынча жаңы чектөөлөр жок. Ал эми, WhatsApp тиркемесинин туруктуу версиясындагы iOS 9 колдоосу аяктаганы кийинчерээк расмий жарыяланат. WhatsApp веб-сайтында маалымдалгандай, колдонмо Android 4.0.3 жана андан жаңыларында, iOS 9 жана андан жаңыларында, KaiOS 2.5.1 жана андан жаңыларында колдоого алынат.
Ссылка: https://barometr.kg/whatsapp-zhakynda-eski-iphone-telefondorunda-ishtn-toktotot
Добавить комментарий ×