Эми WhatsApp ыкчам видео билдирүүлөрдү жөнөтүү функциясын ишке киргизди

28 июль 2023 12:27 1464 Barometr
Бөлүшүү:
ok

WhatsApp мессенджери видео билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн жаңы функциясын ишке киргизгенин жарыялады. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Колдонуучулар кыскача жеке видеолорду жаздырып, түздөн-түз кат алышуу учурунда жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Видео билдирүүлөр 60 секунд менен чектелген.   

Видео билдирүү жөнөтүү үн билдирүү жөнөтүү сыяктуу оңой.   
 
 

"Видео режимине өтүү үчүн мессенджерге кирип камеранын сүрөтү турган баскычты басыңыз, андан кийин видеого тартуу үчүн видео деген бөлүктү тандап басып туруңуз. Видео билдирүү жазуу үчүн баскычты кармабай туруп эле өйдө сүрүп коюңуз. Башка адам видеону ачары менен ал автоматтык түрдө үнсүз башталат. Үндү күйгүзүү үчүн видеону басыш керек”, - деп айтылат мессенджердин корпоративдик блогунда.  

 "Биз бул функцияны ишке ашыра баштадык жана жакынкы апталарда ал бардык WhatsApp колдонуучуларына жеткиликтүү болот", — дешти иштеп чыгуучулар.    

Ссылка: https://barometr.kg/emi-whatsapp-ykcham-video-bildirlrd-zhnt-funkciyasyn-ishke-kirgizdi



Добавить комментарий