WhatsApp жакында эски iPhone телефондорунда иштөөнү токтотот

9 марта 2021 09:47 2717 Barometr
Поделиться в:
ok

WhatsApp тиркемеси жакынкы аралыкта iPhone уюлдук телефондорунун эски версиясында иштөөсүн токтотот. Бул тууралуу  Ixbt.com сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

WhatsApp тиркемесинин iOS үчүн жаңы бета версиясында iOS 9 операциялык тутумун колдоо жоголуп кеткен. Эскерте кетсек, WhatsApp тарабынан мобилдик түзмөктөрдү колдоонун акыркы кыскартуусу 2020-жылдын февраль айында болгон. Андан кийин, WhatsApp тиркемеси Android иштөө тутумунун 2.3.7 жана андан эски версиялары, ошондой эле iOS 8 жана андан эски версиялары бар смартфондордо иштөөнү токтоткон.

WhatsApр тиркемесинин туруктуу версиясында азырынча жаңы чектөөлөр жок. Ал эми, WhatsApp тиркемесинин туруктуу версиясындагы iOS 9 колдоосу аяктаганы кийинчерээк расмий жарыяланат. WhatsApp веб-сайтында маалымдалгандай, колдонмо Android 4.0.3 жана андан жаңыларында, iOS 9 жана андан жаңыларында, KaiOS 2.5.1 жана андан жаңыларында колдоого алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/whatsapp-zhakynda-eski-iphone-telefondorunda-ishtn-toktotot



Добавить комментарий