Видео. Шеринеде телефон "чукулаган" маданият күзгүлөрүн көпчүлүк сындап жатат

29 август 2018 13:00 2886 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Бек Борбиев 28-августта шеринелештери менен олтурган видеосун жарыялады. Анда элдин кызуу талкуусун жараткан көрүнүш Эл артисти Юрий Бобков ырдап жатканда көрүнүктүү эле маданият күзгүлөрү телефон чукулап олтурганы болду. Бул көрүнуштү атайын ушундай кылып тартканбы же чын эле баары телефонго байланып калганбы, айтор көпчүлүк сындап жиберди. 

"Элге үлгү боло турчу маданият үлгүлөрү ырдап жаткан адамга көңүл бурбай телефон чукулап олтурса, барган жердин баарында, концерттерде элдер телефон чукулап олтурса маданиятка туура келбей одоно көрүнөт экен"-дешти. Ошондой эле абдан сагынышып калыптыр деген какшык ойлор дагы айтылды. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/videosherinede-telefon-chukulagan-madaniyat-kzglrn-kpchlk-syndap-zhatat



Добавить комментарий