Видео.Пенсионерден пара алып жаткан Социалдык фонддун кызматкери кармалды

21 июнь 2019 12:03 1612 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Жалал-Абал областынын Сузакта районунда Социалдык фонддун райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.    

Ведомство берген маалыматка таянсак, эркек киши улгайган аялдан пенсияга чыгуу маселесин чечип берем деп акча алууга шектелип жатат.  

Башчынын орун басары арыз жазган аялдан 22 миң сом талап кылганы белгилүү болду. Буга чейин ал документтерди жасап берем деп 13 миң сом алган.19-июнда аткаминер кабинетинен 10 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды.

Учурда орун басар камакка алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/videopensionerden-para-alyp-zhatkan-socialdyk-fonddun-kyzmatkeri-karmaldy



Добавить комментарий