Видео. Казакстанда +60 градус ысыктан улам жерге казан асып боорсок бышырышууда

28 июнь 2019 09:15 8582 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Социалдык түйүндөрдө Казакстандын Кызыл ордо калаасында от жакпай эле казанды жерге коюп алып боорсок бышырып жатышкан видео жарыяланды. Катуу ысыктан улам казандагы май кайнап, боорсок бышып жатат.

Кызылордолук аял бул мастер-классын видеого тарткан. Аялдын айтымында, учурда Кызылордодо күн +60 градуска чейин ысып жатат.

“Казанды жерге коебуз, майды куябыз жана боорсок жасайбыз. Казанга оттун кереги жок. Кызылордого боорсок жегенге келиңиздер”,- деп чакырды аял.

Gismeteo сайты берген маалыматка караганда, ушул күндөрү Кызылордодо чыны менен катуу ысык болгон, бирок сайттын маалыматы боюнча абанын температурасы +38-40 градус болуп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/videokazakstanda-60-gradus-ysyktan-ulam-zherge-kazan-asyp-boorsok-byshyryshuuda



Добавить комментарий