Видео.Калкты тейлөө борборунун имаратына койлор кирип келишти

31 май 2019 13:10 6661 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Караганды облусундагы калкты тейлөө борборунун имаратына койлор кирип кеткендигин Zakon.kz. маалымат булагы жазды.

Жаныбарлардын компьютер коюлган столдордун арасында жүргөнүн видеодон көрүүгө болот. 

Видеодо тартылгандай, окуя Улытау райондук калкты тейлөө борборунда болгон.

Анда койлор мекеменин ичиндеги бөлмөлөрдө жүргөнүн, күзөтчү аларды айдап чыгып жатканын көрүүгө болот.

Видеонун автору тамашалап, "келгендер" балким начальникке "жолуккулары" келгендигин айтат. Кадр сыртында борбордун кызматкерлеринин күлкүлөрүн да угууга болот.

Ссылка: https://barometr.kg/videokalkty-tejl-borborunun-imaratyna-kojlor-kirip-kelishti



Добавить комментарий