Видео. Инстаграмда жылаңач сүрөттөрү менен белгилүү болгон кыргыз кыздарына ыр чыгарышты
“Заман өнүгүп глобалдашуу күчөгөн сайын каада-салт, үрп-адат деген сыяктуу баалуулуктар жоголуп баратат. Ааламдашуу заманында техникалар өнүккөн сыяктуу эле кыргыз кыздары да “өнүгүүнүн” үстүндө. Barometr.kg сайты кыргыз шоу-бизнесинде дегеле интернет булактарында таанымал болгон, денесин ачык көрсөтүүдөн тартынбаган кыздарды тизмектеди”,-деп жазды Ютубдагы INFOmedia каналы.
Каналдын Чопа аттуу каарманы ““Barometr.kg сайтына “Дене мүчөсүн жылаңачтоодон тайманбаган кыргыз кыздары” деген чакан макала чыккан экен. Мен ошону сиздерге тартуулап коеюн. Зергип кетпеңиздер, ыр түрүндө тартуулайм”,-деп кадимки кыргыздын төкмө өнөрүнө салып ар бир кызга ыр арнаган.
Учурда аталган видео роликке көрүүчүлөр өз пикирлерин калтырууда.
Добавить комментарий ×