Видео. Ырчы Нурлан Насиптин "Туулган күн" чыгармасы кумык тилине которулду

16 май 2019 10:23 26683 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Обончу жана аткаруучу Нурлан Насиптин жаш кары дебей сүйүп уккан “Туулган күн” чыгармасы кумык тилине которулду. Ырдын которулган вариантын татар ырчысы Марина Азизова өзүнүн интернет баракчасында бөлүштү.

Ал эми бул тууралуу ырчы Нурлан Насип өзү:

“Кайсыл тилде ырдаганын билбедим, бирок өзүм жазган обондорум, ырларым бөлөк тилде ырдалганына кубанычтамын. Кыргыз обондору дүйнөгө жаңыра берсин”, -деп кубанып турганын билдирди.

Маалым болгондой “Туулган күн” чыгармасын Нурлан өзү жазган.

Кумык тили Россиянын карамагында жашаган Дагестан улутунун тили. Тилдин теги Түрк тилдерине кирген үчүн кыргыз тилине окшоштуктары бар.


Ссылка: https://barometr.kg/video-yrchy-nurlan-nasiptin-tuulgan-kn-chygarmasy-kumyk-tiline-kotruldu



Добавить комментарий