Видео. "Түкүрүк баатырга" кошумча кылып дагы бир жигит түкүрдү

8 январь 2019 12:38 1154 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

"Түкүрүк" - бул сөз азыркы тапта абдан актуалдуу темалардын бири болууда. Кечээ, 7-январда Тоң районунун тургуну Ак үйдү көздөй түкүрүп 5500 сом акча алып чыгып айып пул төлөөгө даяр экендигин айтса бүгүн ал жигиттин артынан анын "шакирттери" чыкты.

Видео интернет булактарында катуу талкууга алынууда.

Анда түкүрүп жаткан жигит:

"Эгерде биз эле түкүрсөк карыздар төлөнүп кала турган болсо мен деле өзүмдүн салымымды кошом" -деп туруп жерге түкүрүп капчыгынан  10 000 рубль алып чыгып көрсөтү.

Кошумчам болсун деп 2 жолу түкүрүп "Кыргызстан тынч жашаш үчүн бериш керек" деген пикирин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/video-tkrp-baatyrga-koshumcha-kylyp-dagy-bir-zhigit-tkrd



Добавить комментарий