Спортчулардын жогорку жетишкендиктери үчүн бир жолку төлөнүүчү акча каражаты мурдагыдан көбөйтүлдү

24 апрель 2023 12:13 952 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Спортто жогорку ийгиликтерди багынткан спортчуларга төлөнүүчү бир жолку акчанын көлөмүн эми министрлер кабинети аныктай турган болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

“Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 1-мартында Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык спорт коомчулугунда Кыргыз Республикасынын аброюн бекемдеген жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамда дене тарбия жана спорт тармагында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлыктар боюнча мамлекеттик төлөмдөрүн жана өлчөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктай тургандыгы көрсөтүлгөн.

Бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөөнүн өлчөмү спортчулардын Олимпиада, Паралимпиада, Азия жана Азия паралимпиадалык оюндарына, дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышуусу башталганга чейин бир жыл мурда аныкталат. Ошону менен бирге чемпиондорго жана байге ээлерине сый акынын өлчөмдөрү, ошондой эле машыктыруучуларга сый акылардын өлчөмдөрү жана бөлүштүрүү пайыздары (курама команданын башкы машыктыруучусу, курама команданын улук машыктыруучусу, жеке машыктыруучу, биринчи машыктыруучу) жана врачтарга бир жолку акчалай сыйлыктар мурдагы төлөмдөн кем эмес коюлат”, -деп жазылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/sportchulardyn-zhogorku-zhetishkendikteri-chn-bir-zholku-tlnch-akcha-karazhaty-murdagydan-kbjtld



Добавить комментарий