Видео. Нурлан Насип, Арсен жана Эрнис Сыдыков жубайлары менен Тайландга эмнеге барышты?

31 январь 2019 12:58 5832 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Жаңы жылды утурлай ырчылардын баарысы ар кайсы чет өлкөлөргө эс алууга барып келгени баарыбызга маалым. Эс алгандардын катарын Нурлан Насип, Асель Кадырбекова, Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев, Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Арсен жубайы менен, клипмейкер Эрнис Сыдыков жубайы, актриса Кымбат Эрнисовалар да толуктады.

Жылдыздардын эс алып жүргөнүн интернет колдонуучулары ар тараптуу сынга алышты. Талкууларды "ушуларга эле жыргал", "ырчылыр чет өлкөгө көчүп кетиштиго", "жашоо ушулардыкы болдуго", "ушундан көрө колунда жокторго жардам берсеңер болбойбу?" деген өңдүү пикирлер коштоду.

Бирок жылдыздар Кыргызстанга кайтып келгенден кийин алар жөн гана эс алып жүрбөй керектүүнү пайдалуу менен айкалыштырып келишкендерин кабарлашты.

Клипмейкер өзүнүн инстаграм баракчасына жубайы Кымбат Эрнисова менен ырчы Данияр Эрматов экөөнү клипке тарткандыгын айтты. Ал эми Алмаз Шаадаев, Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Нурлан Насип, Нурмат Садыров "Достор" деген ырга клип тарткандарын жазып чыгышты. Ал эми Арсен жубайы Бегайымга арналган ырына клип тартып келди.

Белгилей кетсек, аты аталган ырчылардын баары Тайландда эс алып келишти. Жакынкы күндөрдө Тайландда тартылган клиптер жарыкка чыгуу алдында турат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-tajlanddan-tartylgan-klipter-zhana-kerektn-pajdaluu-menen-ajkalyshtyrgan-yrchylar



Добавить комментарий