Асел Кадырбекова: Кадырыңызды канчалык сезгенимди билесизби?

9 сентябрь 2021 12:38 1747 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асел Кадырбекова “Апакем”деп аталган жаңы ырын күйөрмандарын тартуулайт. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык баракчасынан кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

“Апакелер бар экен ар бир кыздын колдоочу, коргоочусу бар деп билебиз. Бизди кандай тагдыр күтпөсүн ушул адам гана "буюрса бардыгы жакшы болот" деп кучагына алат. Апаларыбыз маңдайыбызда экен колдорунан кармайлы, көп кучактайлы, кубанталы, жакшы сөзүбүздү аябайлы. Себеби алар биз үчүн бүтүн өмүрүн аябай турган кишилер экени анык...

Сөз соңунда апа сизге кайрылам. Кадырыңызды канчалык сезгенимди билесизби? Апа, мен үчүн төккөн көз жашыңыздын ар бир тамчысынын ордуна жылмаюу тартуулап өтүүгө уруксат бериңиз. Премьера менин ютуб каналымда бүгүн саат 18:00”,-деп жазды ырчы.

Ырдын обону Ильяз Абдразаковго, сөзү Акбар Кубанычбековго таандык.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-kadyryyzdy-kanchalyk-sezgenimdi-bilesizbi



Добавить комментарий