Асел Кадырбекова: Кызымдын камкор атасы, туулган күнүң менен!

11 сентябрь 2021 11:56 2047 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насипти туулган күнү менен куттуктаган постту социалдык баракчасына бөлүшкөнүн “Барометр” маалымдайт.

“Кызымдын камкор атасы, туулган күнүң менен! Жашоодо кандай статуста болбойлу кызыбыз үчүн дайыма ата-эне статусунда калабыз.Өзүмө каалаган бүт жакшылыктарды сага да каалайм.

Мындан кийин да, сени колдоп, жашоодогу бүт бакытты, жакшылыктарды каалап, кызым экөөбүз сенин ийгиликтерине кубанып гана жүрө берели!”,-деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, ырчы Нурлан Насип кечээ, 10-сентябрда туулган күнүн белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-kyzymdyn-kamkor-atasy-tuulgan-kn-menen



Добавить комментарий