Видео. Таиландда падыша генералга үйлөндү
Таиланддын 66 жаштагы падышасы Маха Вачиролонгкорн (Рама Х) жеке коргоо кызматынын генералына үйлөндү. Бул тууралуу newsru.co.il басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, падышанын жубайы 40 жашта. Ал мурда авиакомпанияда стюардесса болуп иштеп, кийин Падышанын гвардиясынын атайын бөлүмүндө эмгектене баштаган. Бир аз убакыттан кийин Рама Хтин жеке жан сакчыларынын генералы болуп дайындалган.
Салтанаттуу үйлөнүү той кечээ, 1-май күнү башталды, эми дагы 3 күн бою майрамдалгандан кийин 4-май күнү расмий таажы кийгизилип, Таиланддын ханышасы деп аталат.
Кечээ никени расмийлештирүү аземинде колуктусу падышага салттуу түрдө башын ийип таазим кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/video-tailandta-padysha-generalga-jlnd
Добавить комментарий ×