Кыргызстан Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

25 июль 2025 20:28 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан Таиланд менен Камбоджанын чек арасында орун алган кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Эки өлкөнүн тең элдери менен түзүлгөн достук мамилени эске алып, тараптардын тез арада тынчтыкка жетишүүсүнө үмүт артабыз.

Биз эки тарапты тең максималдуу сабырдуулукка, куралдуу кагылышуунун андан ары күчөшүнө жана калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн болгон аскердик аракеттерден баш тартууга жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечим табуу үчүн диалогго кайтууга чакырабыз.

Министрлик Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан этият болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинин сунуштарына кылдаттык менен кулак салууну өтүнөт.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын жарандары Куала-Лумпур шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин “ыкчам байланыш” телефонуна: +996 999 312002 (WhatsApp) кайрылса болот", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-tailand-menen-kambodzhanyn-chek-arasyndagy-kyrdaalga-tynchsyzdanuusun-bildirdi



Добавить комментарий