Видео. Самара Каримова Гүлнур Сатылганова тууралуу: "Мен ал маекти окуганда сүтүм чыкпай, балам эме албай калды"

8 май 2019 16:12 30854 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Буга чейин ырчы Гүлнур Сатылганова кесиптеши Самара Каримованын жумалап концерт койгондугуна байланыштуу "мен Ошко барганда бут тосуулар болду, менин билеттеримди саттырбай коюшту" деген интервьюларды берген эле. Бул маселе боюнча Самара Каримова өз учурунда эч нерсе деген эмес болсо да ютубтагы SHER Channel каналына берген маегинде аталган чыр тууралуу пикирин айткан.

Каримова өз сөзүндө:

-Ал интервьюлар чыкканда биз жолдошум экөөбүз Лейлекке туугандарга кеткен болчубуз. Мунун баары жомогураак (миф) десем болот. Мен ал адам менен чыгып айтыша албайм, мен Гүлнур эженин баласы менен теңмин. Мен унчукпай эле койгом, бут тосуулар болгон эмес, -деди.

Бирок аны менен катар ырчы ошол маалыматты окуп, ушактарды укканда кичинекей баласын эмизип жүргөн учуру болгонун жана аябай катуу кыжалат болгондугуна байланыштуу сүтү токтоп калганын да кошумчалады.

“Мен ал кезде кичинекей баламды жаңы төрөп эмизип жүргөн кез эле. Мен андайды күткөн эмесмин, балам 1-2 айлык болчу. Маектерди окуп туруп денем ушунчалык муздап кетти, жаман абалда калдым. Өзүмө өтө жакын кабыл алгандыктан сүтүм чыкпай калды. Өзүм да ыйладым, балам да ыйлады. Жолдошум ошондо бул нерсени биз кылган жокпуз, экөөбүз айылда жүрсөк. Ортодогу ортомчулардын эле кылганы бул, мүмкүн алар туура эмес маалымат жеткиришти. Чындык ачыкка чыгат деп мени аябай колдоду. Бирок менин өкүнгөнүм ошол бойдон сүтүм чыкпай калды, Алиханым жасалма “Нан” “Малыш” жеп чоңойду”, -деди Самара Каримова.

Ырчынын айтымында жолдошу элдин баары сага каршы болсо да мен сага жардам берип турууга даярмын деп колдоо көрсөткөнүн айтат.

Эске салсак, Самара Каримова жаш ырчы болгонуна карабай көптөгөн элдин жүрөгүнөн түнөк таап, эл сүймөнчүлүгүнө айланган. Каримова чыгармачылык менен гана алектенип тим болбостон бир топ бизнестин да башында турат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-samara-karimova-glnur-satylganova-tuuraluu-men-al-maekti-okuganda-stm-chykpaj-balam-eme-albaj-kaldy



Добавить комментарий