Видео. Садык Шер-Нияз маданияттын абалы тууралуу кескин билдирүү жасады

26 апрель 2019 08:31 1527 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

«Ата Мекен»  фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз 25-апрелде парламенттин жыйынында өкмөттүн отчетун угуп жаткан маалда өкмөттүн отчетунда маданият тууралуу 6 ооз сөз жазылды деп нааразы болду.  

Ал өкмөттүн маданият жаатындагы ишин катуу сынга алды.

“Алтын доор деп аталган учурда улуу Британияда Шекспир, Марло, Бэкон чыккан. Тарыхка токтолбой эле коелу. 5-6 президент болду, 25-30 өкмөт башчы болду, 2-3 миң депутат шайланды. Ким канчалык тарыхта калыптыр? Эмнеге анда биз башка өлкөлөргө барып маданият өкүлдөрү менен мактанып жатабыз?

Келгиле ойлонолу. Ачык айтканда кечээ Баткенге 60га жакын сакалчан келди, эмне болдук? Лейлек анклавда турат. 25 жылдан бери мага билгендер айтып жатышат 18 чакырымдык жол 2 чакырым кыскарды деп. Эгерде эртең тажиктер бул жолду жаап алса биз Лейлектин эли менен коштошобузбу? Эмне болуп жатат? Эгерде коңшу өлкөлөргө айыл өкмөттөрдү жөнөтүп жатсак Кыргызстан жоголуп кетиши ыктымал.

Кыргызстанды Кыргызстан боюнча сактап келе жаткан бул анын жери, тили, маданияты. Буга алты сүйлөм жазып коюштуптур... Мен кыскарттым эки сүйлөм менен айтса болот. Эки сүйлөм менен маданият тууралуу эмне айта аласыңар? Эртең биз парламент кетебиз, жаңы депутаттар келет. Кимдин аты калат? Биз Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Мукай Элебаева, Таттыбүбү Турсунбаева, Төлөмуш Океев, Болот Шамшиевдерден башка кимди айта алабыз?

 Чынгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун өлкөсүндө бүгүн бир да жазуучу жок. Өлкөнүн тетар жылдызы Муратбек Рыскулов жок. Аларды өстүрүш үчүн болгону 25-30 млн сом карашыбыз керек. Болгону!”,-деп нааразы болду депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-sadyk-sher-niyaz-madaniyattyn-abaly-tuuraluu-keskin-bildir-zhasady



Добавить комментарий