Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү белгиленип, кыргыз кинолору көрсөтүлүүдө

27 ноябрь 2023 09:50 1975 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркияда кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Түркиянын Анкара шаарында Мамлекеттик искусство жана айкел музейинде Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз  киносунун  күндөрү расмий ачылды.

“Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлгине караштуу Кинематография департаментинин башкы директору  Эркин Йылмаз, атайын чакырылган расмий коноктор, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, Түркияда жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.

Кыргыз киносунун күндөрүнүн ачылышында министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан жана Түркия эли дүйнөнүн эки башка чөлкөмүндө жайгашканына карабастан,  ар дайым ынак жана бири-бирине жакын боордош эл экенин айтып, орток тарых жана бай маданият аларды жакындата турганын белгиледи.

Ошондой эле ал өз сөзүндө  эки өлкөдө маанилүү иш- чаралар белгиленип жатканын, тактап айтканда, жакында эле  Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүп, ага Түркиянын негизделишинин 100 жылдыгынын урматына  фестивалдын  алгачкы конок өлкөсү катары Түркия Республикасынын кино ишмерлери чакырылганын, Кыргызстанда  “Түрк киносунун жумалыгы”  уюштурулуп  ага белгилүү түрк кино ишмерлери катышканын жана түрк тасмалары көрсөтүлгөнүн кошмчалады.

Өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым”  чыгармасынын негизинде Түркияда тартылган тасмада башкы ролду аткарган түрк киносунун жылдызы, актриса Түркан Шорай айымдын фестивалдын сыйлуу коногу болуп, ага дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн Бишкек эл аралык кинофестивалынын атайын “Алтын жаабарс” сыйлыгы тапшырылганын маалымдады”, -деп жазылат маалыматта. 

Кыргыз киносунун расмий ачылышында Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Дарак ыры — Кыргызстандын тарыхый жана кино-дастан жанрындагы алгачкы мюзикл көркөм тасмасы болуп эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kyrgyzstandyn-madaniyat-kndr-belgilenip-kyrgyz-kinoloru-krstld



Добавить комментарий