Видео. Парламентте депутаттар чачташты, бирөө эсин жоготту

13 май 2019 15:41 22909 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Гонкондун парламентинде болуп көрбөгөндөй чатак болду. Саясатчылардын мушташы аймактарга карата Кытайга көбүрөөк бийлик бере турган сүйлөм үчүн чыккан. Бул тууралуу kratko-news.com. маалымат булагы жазды.

Депутаттар чачташышып, каршылаштарын полго жыга түртүп, натыйжада залда чыныгы баш-аламандык жаралган. Сакчы кызматкерлери мушташтын эң эле аесуз катышуучуларын кармоого мажбур болушкандыгы да айтылат.  Ал тургай депутаттардын бири эсин жоготуп, аны мекемеден замбил менен алып чыгып кетишкен.

Талаш Гонконгдун өзгөчө статусун сактоону талап кылган мыйзам чыгаруучулар менен Пекиндеги өкмөттүн лоббист кесиптештеринин ортосунда болгон. Шектелген кылмышкерлерди Кытайдын ичине берүүнү жеңилдеткен мыйзамга оңдоо киргизүү талаштын негизги себебине айланды. Өзүн-өзү башкаруунун тарапташтарынын айтуусунда бул кадам сот системасынын көз карандысыздыгына сокку болот.

Бул мыйзамды алгач парламенттик комитет карашы керек болгон, жана ар бир фракция өз адамын бул комитеттин жетекчилигинен көрүүнү каалашкан. Ошентип, болуп көрбөгөндөй чатак башталып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/video-parlamentte-deputattar-chachtashty-bir-esin-zhogottu



Добавить комментарий