Видео. Мушкер Акжол Сулайманбек уулу WBO International титулу үчүн беттешке чыгат

3 февраль 2020 23:50 715 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргызстандык кесипкөй мушкер Акжол Сулайманбек уулу WBO International титулу үчүн кезектеги беттешке чыгат. Бул сапар анын атаандашы орусиялык Марк Урванов болмокчу. Бул тууралуу кыргызстандык мушкер өзү “barometr.kg” сайтына билдирди.

Беттеш 7-мартта Орусиянын Екатеринбург шаарындагы “РМК жекеме-жеке таймаштар Академиясынын” аренасында бокс боюнча 35-юбилейлик “Жылдыздар кечеси” (“Вечер звёзд”) мелдешинин алкагында өтөт.

“Атаандаш ким экени, анын мушташуу стили да мага белгилүү. Өз убагында Марк Урванов менен чогуу машыгып, спарринг жуп да болуп жүргөнбүз. Ошондуктан ага карата акырындык менен даярдык башталды. Бул беттеш мен үчүн жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы чакырык. Ошондуктан өтө маанилүү”, - деди Акжол Сулайманбек уулу.

Акжол Сулайманбек уулу профессионал бокста 15 жолу беттешке чыгып, баарында жеңишти камсыздаган.

2019-жылдын август айында Венесуэла өлкөсүнүн мушкери Мильнер Маркано’ну жеңип, бокстун WBA Asia версиясы боюнча төртүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Акжол Сулайманбек уулу Баткен облусунан чыккан алгачкы профессионал мушкер.

Ал эми анын атаандашы Марк Урванов WBO International титулунун учурдагы ээси. Кесипкөй бокста 17 беттешке чыгып, 15 жолу жеңишке жетип, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/video-mushker-akzhol-sulajmanbek-uulu-wbo-international-titulu-chn-betteshke-chygat



Добавить комментарий