Бокс боюнча улуттук курама команда Эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

6 февраль 2024 13:43 1647 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бокс боюнча улуттук курама команда Эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Испаниянын Ла-Нусия шаарында өткөн “Boxam”  Эл аралык мелдешинде 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди.

60 кг чейинки салмакта Мунарбек Сейитбек уулу алтын медалга ээ болсо, 86 кг чейинки салмак категориясында Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медаль тагынды. Ал эми 80 кг чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, 30-январь күнү башталган “Boxam”  Эл аралык мелдеши 3-февралда жыйынтыкталды. Курама команда улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/boks-boyuncha-uluttuk-kurama-komanda-el-aralyk-meldeshte-3-medal-zhedi



Добавить комментарий