Бүгүн Италияда бокс боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки спортчу күч сынашат

4 март 2024 15:39 1094 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бокс боюнча Дүйнө чемпионатында Мунарбек Сейитбек уулу жана Өмүрбек Бекжигит уулу күч сынашат. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, спортчулар бүгүн, 4-мартта күч сынашышат.
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Италиянын Бусто-Арсицио шаарында  өтүп жаткан Дүйнөлүк Биринчи Олимпиадалык квалификациялык мелдешине катышып жатат. Мелдеш 3-март күнү башталган.

Бүгүн, 4-март күнү рингге Сейитбек Мунарбек уулу (57 кг) бразилиянын мушкери Луис Оливейра менен беттешет.
Ошондой эле, Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) грузиялык мушкер Георгий Гуцаев менен күч сынашат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00 өтөт.

Буга чейин, тагырагы 3-март күнү 51 кг чейинки салмакта катышып жаткан Нуржигит Дүйшөбаев аргентиналык мушкер менен беттешип жеңилүү ызасын тартып калган. 

Эске салсак, бокс боюнча Италияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Биринчи Олимпиадалык квалификациялык турнир 12-март күнү жыйынтыкталат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-italiyada-boks-boyuncha-djn-chempionatynda-kyrgyzstandyk-eki-sportchu-kch-synashat



Добавить комментарий