Видео. Министрдин орун басары активист кызды алка-жакадан алып кууп чыкты

24 июнь 2019 14:46 11163 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Улуу Британиянын тышкы иштер министри Марк Филд “Greenpeace” тобунун активист кызын Лондондун мэринин резиденциясында болуп жаткан банкет маалында жакадан алып кууп чыкты.Бул тууралуу life.ru кабарлады.

Кыз өзүнүн курбулары менен бирге расмий кечки сый тамак берилип жаткан учурда резиденцияга жашыруун кирип барган. Ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү керек экенин аткаминерлерге айтмакчы болгон.

Экологиянын маселелери менен күрөшкөн активист министрдин орун басарынын жанынан өтүп бара жаткан учурда ал аны алка-жакадан алып дубалга түртүп жиберген жана желкесинен тартып залдан чыгарып жиберген.

Бул чуулгандуу окуядан кийин Филдге карата кызматтык иликтөө башталды жана ал кызматынан четтетилди.

Ошол эле маалда Британиянын премьер-министри Тереза Мэй орун басардын бул жоругуна “олуттуу тынчсызданганын” билдирди.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-ministrdin-orun-basary-aktivist-kyzdy-alka-zhakadan-alyp-kuup-chykty



Добавить комментарий