Ханзаада Гарри канча адамды өлтүргөнүн ачыктап, коомчулукту таң калтырууда

6 январь 2023 15:42 2030 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ханзаада Гарри өзүнүн автобиографиялык китебинде бөлүшкөн ачылыштары коомчулукту таң калтырууда. Бул тууралуу Daily Mail агенттигине шилтеме берип “Барометр”билдирет. 

Маалыматта, падышанын кичүү уулу Ооганстанда кызмат өтөп жүрүп 25 адамды өлтүргөнүн мойнуна алганы айтылат. 

Белгилүү болгондой, ханзаада 10 жыл армияда болуп, эки мөөнөт Ооганстанда кызмат өтөгөн.   

Ханзааданын айткандары сенсациялуу болду, анткени ал буга чейин жеке өзү тарабынан жок кылынган козголоңчулардын санын эч качан айткан эмес.  

"Мен душмандын канча жоокерин өлтүргөнүмдү так билчимүн. Демек, менин саным 25. Бул мени канааттандырган жок, бирок мен бул кылганым үчүн уялган жокмун", — деп цитата келтирет басылма.     

Ошондой эле ханзаада Гарри өзүнүн китебине адам өлтүрүүгө болбой тургандыгын эгерде андан адамдык сапаты болсо деп жазган.    

Ушул себептен улам, ханзаада талибдерди шахмат тактасынан жок кылынышы керек болгон шахмат фигуралары катары көрсөткөн. 

Биринчи жолу ханзаада 2007-жылы авиадиспетчер катары кызмат кылууга жөнөтүлгөн, бирок анын жүргөн жери тууралуу маалымат чыгып кеткендиктен мөөнөтү үзгүлтүккө учураган. Гарри беш жылдан кийин кызматка кайтып келип, 16 айлык окууну аяктагандан кийин, ал согуштук вертолетто учкуч болуп кызмат өтөгөн.

Андан соң, Гилменд провинциясынын аймагын күзөтүп, согушкерлерди жок кылган. 

Белгилүү болгондой, ханзааданын өмүр баяны камтылган китеп 18 жаштан жогоркуларга гана сунушталат.  

Коомчулук ханзааданын коопсуздугу үчүн кабатырланууда, анткени ал талибдердин жек көрүүсүн күчөтүшү мүмкүн.        


 
 
 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/hanzaada-garri-kancha-adamdy-ltrgnn-achyktap-koomchuluktu-ta-kaltyruuda



Добавить комментарий