Британияга жаңы шайланган индус тектүү министр тууралуу кызыктуу фактылар

25 октябрь 2022 11:33 1806 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Британиянын каржы министри болуп жаңы шайланган индус тектүү Риши Сунак учурда талкуу чордонунда болууда. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, ал консервативдик партиянын ички партиялык шайлоосунда жеңүүчү болуп, эми премьер-министрлик кызматка киришери белгилүү болгон.

Сунак Британиянын эң жаш премьер-министри жана британ тарыхында бул кызматты ээлеген индиялык биринчи саясатчы болуп калат.

Риши Сунак 42 жашта. Анын ата-энеси Англияга Чыгыш Африкадан көчүп келген дарыгерлер. Өзү жупуну болгонуна карабастан, Сунак престиждүү билим алган, адегенде Винчестер колледжинде - балдар үчүн элиталык мектеп-интернатында, андан кийин Оксфорддон бакалавр даражасын жана Стэнфорддон MBA даражасын алган.

Белгилей кетсек, Сунак университетте окуп жүргөн кезинен бери тырышчаак болгон. Британиянын жаңы премьер-министри Индиянын эң бай адамдарынын бири Нараяна Мертинин кызы Акшата Мертиге үйлөнгөн.

Sunday Times гезитинин маалыматы боюнча, Сунактын жалпы байлыгы болжол менен 730 миллион фунт стерлингди (827 миллион доллар) түзөт. 

Washington Post гезити Сунак Улуу Британиянын падышасынан да бай биринчи премьер-министр болорун белгилеген.

Ссылка: https://barometr.kg/uluu-britaniyaga-zhay-shajlangan-indus-tekt-ministrin-djn-talkuloodo



Добавить комментарий