Улуу Британияда орнотулган жаңы жылдык балаты тургундарды катуу нааразы кылууда
Бөлүшүү:
Англиянын Линкольншир графтыгына караштуу Гримсби шаарынын жашоочулары калаанын Риверхед аянтында орнотулган жаңы жылдык балатыга катуу нааразы болушууда. Бул тууралуу Grimsby Live булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Балатыны Линкольнширдин түндүк-чыгыш кеңеши Рождество майрамына жана жаңы жылга арналган балаты деп тааныштыргандан кийин тургундар эмне болгонун түшүнбөй жатышат.
Балатынын бийиктиги орточо 4 метр жана андан эч кандай оюнчуктар, кооздуктар жок. Тактап айтканда, бул тосмого алынган кадимки эле жасалма балаты.
Grimsby Live бул өзгөчөлүк жергиликтүү тургундарга жакпай жатканын кошумчалады.
Добавить комментарий ×