Видео. Милиция Кантта уурдалып кеткен баланы тапты. Аман-эсен.
Милиция кызматкерлери Кантта уурдалып кеткен 12 жаштагы баланы табышты.
Баланы милициялар кантип кайтарып берип жатышканы тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнүп тургандай бала аман-экен, аны кантип табышканы жана кайдан табышканы тууралуу кеңири маалымат азырынча айтыла элек.
Эскерте кетсек, 11-апрелде саат 8:40та Кант шаарындагы № 2 кичи райондо белгисиз адамдар «Хонда фит» унаасы менен келип мектепке бара жаткан 12 жаштагы Б. Данилди уурдап кетишкен.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди жумшоого милдеттендирип, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге баланы издөөнү көзөмөлгө алуу жана бул үчүн бардык күч-аракеттерди мобилдештирүү тапшырмасын берген.
Ссылка: https://barometr.kg/video-miliciya-kantta-uurdalyp-ketken-balany-tapty-aman-esen
Добавить комментарий ×