Видео. Милиция Кантта уурдалып кеткен баланы тапты. Аман-эсен.

11 апреля 2019 22:26 13883 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция кызматкерлери Кантта уурдалып кеткен 12 жаштагы баланы табышты.  

Баланы милициялар кантип кайтарып берип жатышканы тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. 

Видеодо көрүнүп тургандай бала аман-экен, аны кантип табышканы жана кайдан табышканы тууралуу кеңири маалымат азырынча айтыла элек.


Эскерте кетсек, 11-апрелде  саат  8:40та Кант шаарындагы   № 2  кичи райондо белгисиз адамдар «Хонда фит» унаасы менен келип мектепке бара жаткан  12 жаштагы Б. Данилди уурдап кетишкен.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди жумшоого милдеттендирип, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге баланы издөөнү көзөмөлгө алуу жана бул үчүн бардык күч-аракеттерди мобилдештирүү тапшырмасын берген.


Ссылка: https://barometr.kg/video-miliciya-kantta-uurdalyp-ketken-balany-tapty-aman-esen



Добавить комментарий