Видео. Кыргызстандын футбол курамасы Өзбекстан менен беттешке кандай даярданды?

9 ноябрь 2019 17:19 11566 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасы Ташкентте Өзбекстан менен жолдоштук беттеш алдындагы акыркы машыгуусун өттү. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн футбол федерациясы расмий сайтына чыгарды. Анда ошондой эле өзбек маалымат каражаттары тарткан видео да жайгаштырылды. Ак шумкарлардын машыгуусун кыргызстандык күйөрмандар көрүп, "Алга Кыргызстан алга! деген сүрөөндөр, кол чабуулар менен колдоп турду.

Бүгүн Ташкенттеги “Пахтакор” стадионунда Кыргызстандын курамасы Өзбекстан командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Курамабыздын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин команда, анын даярдыгы тууралуу пикир айтты. Ал курама беттешке толук даяр экенин, бул беттеш Дүйнө чемпионатына тандоо этабында болуучу Япония жана Тажикстанга каршы оюндарга даярдануу планынын алкагында болорун белгилейт.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kyrgyzstandyn-futbol-kuramasy-zbekstan-menen-betteshke-kandaj-dayardandy



Добавить комментарий