Видео. Кезектеги хайппы? Ширин Нарчаева менен 54 жаштагы актёр урушуп кетти

29 май 2019 09:24 3483 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Денесин жылаңачтап сүрөткө түшкөндөн кийин таанылган казак кызы Ширин Нарчаева менен актёр Абунасыр Сериков айтышып кеткен. Аталган видео тасма инстаграмдагы белгилүү аккаунттардын бирине жүктөлүп көпчүлүктүн ортосунда кызуу талкууга алынууда.

Видеодо жаш курагы 54 кө келип калган актёр "хайп" менен элге таанылган Ширинди:

"Улуттук баалуулук, ар-намыс деген барбы? Силерди канча деген адамдар карап турат, эмнени үйрөтүп жатканыңарды билесиңерби?! Адамда кичине болсо да уят деген болуш керек да", -деп тилдеп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Ширин да өз учурунда унчукпай калбастан:

"Мен өзүмдүн заманымда сиз өзүңүздүн заманыңызда жашап жатасыз. Мен сиз менен "сиз" деп сүйлөшүп жатам.", -деп жооп узаткан.

Айткан акылынан майнап чыкпай калганын түшүнгөн актёр съемкага түшүрүүчү топко "башка кыз таппай калдыңарбы? мен анда тартылбайм" деп катуу айтып туруп сценарийдин барактарын таштап чыгып кеткен.




Бул видео Инстаграмдагы белгилүү аккаунттардын бирине денесининстаграм колдонуучуларынын арасында чоң талкуу жана дилемма жаратууда. Бир топ бул кезектеги эле "хайп" десе экинчи топ актёрду колдоп "туура кылыптыр" деп колдоого алышууда. Алардын арасында Ширинди талабын талашкандар да жок эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kezektegi-hajppy-shirin-narchaeva-menen-54-zhashtagy-aktyor-urushup-ketti



Добавить комментарий