Видео. Казак ырчысы Кайрат Нуртас жубайы менен тойлордо ырдай баштады

9 октябрь 2018 16:00 4045 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү казакстандык ырчы Кайрат Нуртас жубайы Жылдыз Абдукаримова менен тойлордо ырдай баштады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 

Маалымат каражаттары жазып чыккандай, ырчы мындай чечимди той ээлеринен сунуш түшкөндөн кийин кабыл алган. 

"Жубайым менен чогуу ырдоо той ээлеринин суранычы менен ишке ашты. Той ээлери ырым кармап үйлөнүп жаткан жаш жубайлар жакшы, үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болсун деген тилекте бизди чакыргандарын айтышты", - деп билдирген ырчы.

 Ырчынын жубайы менен аткарган дуэти социалдык тармактарга тараган соң, аларга көптөгөн чакыруулар түшө баштаган.

Айта кетсек, ырчы көп жылдар бою өзүнүн үй-бүлөсү жана балдары тууралуу маалыматты жашырып келген. Жубайлар буга чейин көркөм тасмада бирге роль жаратышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/video-kazak-yrchysy-kajrat-nurtas-zhubajy-menen-tojlordo-yrdaj-bashtady



Добавить комментарий