Видео. Казак мушкери аялы тууралуу сураган журналисттин бетине суу чачып жиберди
Казакстандык профи-боксчу Мадияр Ашкеев маек маалында эмоциясын кармай албай журналисттин бетинде стакандагы сууну алып чачып жиберди. Бул тууралуу Vesti.kz. маалымдады.
Маектин 25 мүнөтүндө алып баруучу журналист боксчунун кесибинин кооптуу болорун айтып оор салмактагы боксчу Магомед Абдусаламовду эскерди. Ал 2013-жылы ноябрда кубалык мушкер Майк Перестен жеңилгенден кийин комага түшүп калып араң айыккан.
Абдусаламовдун жубайы Баканай күйөөсүн кыйын кезде таштабай анын бутуна туруусуна жардам берген. 2017-жылы сентябрда мушкердин үй-бүлөсү дарыгердин катасы үчүн деп 22 миллион доллар компенсация өндүрүп алган.
“Эгерде Магомеддин ордунда сиз болгондо, аялыңыз сизден кетпейт беле?” деп журналист сураган кезде Мадияр Ашкеев анын бетине стакандагы сууну чачып жиберди.
Мадияр Ашкеевдин кийинки беттеши 5-июлда Алмата шаарында өтөт. Ал NABF Junior жана NABA титулдары үчүн ат салышат.
Добавить комментарий ×