Видео. Катуу ысыктан шаардагы светофорлор эрип жатат
Бөлүшүү:
Казакстандын Чымкент калаасында 2 жума бою +40 градустан жогору болгон ысыктан улам светофорлор эрип жатат. Бул тууралуу Otyrar.kz булагы кабарлады.
Метеорологдун берген маалыматына таянсак, аталган аймакта +34 ... + 42 градус ысык жана шамал жок.
Бирок бул видеону тасмага түшүргөн калаанын тургуну +60 градус ысык болгонун айтууда.
Көчөнүн кесилишиндеги светофор ысыктан улам ээрип кеткен, бирок технологиянын сапаты жакшы болгондуктан ал өзүнүн функциясын дагы деле аткарууда.
Ссылка: https://barometr.kg/video-katuu-ysyktan-shaardagy-svetoforlor-erip-zhatat
Добавить комментарий ×