Видео. “Калыс-Ордо” конушунда таксичиге бычак кезеп тоногон эки шектүүнү милиция колго түшүрдү

5 ноябрь 2019 23:03 3871 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бишкектин четиндеги “Калыс-Ордо” конушунда таксичинин өмүрүнө кол салып, тоногон деп шектелгендер колго түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы бүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык такси айдап, акча таап үй-бүлөсүн багып жүргөн 27 жаштагы жаранга 28-октябрда “Калыс-Ордо” конушунда эки адам кол салган.

Такталгандай, шектүүлөр таксичиге шаардан жолугуп, конушка жеткирип коюну өтнүшкөн. “Калыс-Ордого” жеткенде жүргүнчү катары чыккан экөө таксичиге кол салышкан. Кекиртегине бычак кезеп коркутуп, 7 миң сом акчасын жана Xiaomi Redmi маркасындагы телефонун тартып алышкан. Шектүүлөр муну менен эле чектелип калбастан, таксичинин көзүн, оозун, буту-колун скотч менен таңып, саздагы камыштын арасына таштап салышкан.

Бул факты Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясында кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш Кодексинин “Тоноо” беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүшкө алынып, “Колго түшүрүү” планы жарыяланган.

Чүй милициясы менен Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери биргеликте окуянын изи сууй электе эки шектүүнү колго түшүрдү. Алардын бири мурда соттолгон 1997-жылы туулган М.Т. аттуу Нарын облусунун тургуну, экинчиси С.Н. аттуу 1998-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kalys-ordo-konushunda-taksichige-bychak-kezep-tonogon-eki-shektn-miliciya-kolgo-tshrd



Добавить комментарий