Чүйдө жарандардын ири суммадагы каражаттарын алдоого шектелип улгайган аял кармалды
Сокулук районунда бир нече алдамчылык фактысына шектелип улгайган эле аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен 1975-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кайрылган.
“Кайрылуусунда “Айкыз” атту жаран алдоо жолу менен “Ак-Ордо” жаңы конушунан үй алып берүүнү убадалап “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасын жана 45 000 сом акчасын алып кайтарып бербей жүргөндүгүн билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факт Сокулук РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1956-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүүндө, кылмышка шектүү Ш.А. аттуу жарандын мындан башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталган.
Эгерде Ш.А. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, Сокулук РИИБине же нөөмөт бөлүмүнүн 0312 60-75-67 телефонуна кайрылсаңыздар болот”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/adagy-karazhattaryn-aldoogo-shektelip-ulgajgan-ayal-karmaldy
Добавить комментарий ×