Сокулук районунун акиминин орун басары коррупцияга шектелип кармалды
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Сокулук районунда айыл чарба багытындагы жерлердин ири ээликтери жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схемаларды аныкташты. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
"Айыл чарба багытындагы ири жер ээликтери мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдарынын түздөн-түз көмөгү менен, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз түрдө жеке турак жай курулушуна арналган жерлерге которуп, андан ары жарандарга сатып келишкен", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ири жер ээлери бир эле жер тилкелерин бир нече жаранга сатып, натыйжада жарандар акчасыз жана үй-жай курууга абдан зарыл болгон жер тилкелерсиз калышкандыгы аныкталды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин "Коррупция" белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыш ишинин алкагында буга чейин ири жер ээлери болуп саналган 5 жаран (К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А.) кармалган.
2025-жылдын 16-сентябрында аталган кылмышты жасоого шектелип, 1983-жылы туулган Сокулук районунун акиминин орун басары С.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүрүп жатат, башка адамдардын да кылмыштуу аракеттерге тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/sokuluk-rajonunun-akiminin-orun-basary-korrupciyaga-shektelip-karmaldy
Добавить комментарий ×