Видео. Илим Карыпбековдун "саясатчы тайэнесинин" Бабанов тууралуу кызыктуу маеги интернетте талкуу жаратууда

12 апрель 2019 09:13 30289 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Акыркы учурларда саясат дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр болуп, карапайым калкты ар түрдүү эки анжы пикирлерге дуушар кылууда.

Ага кошумча Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келээри эл оозунан түшпөй турган чагы. Бул тууралуу КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдун тайэнеси да өз пикирин айтып интернет булактарында жылуу маанай жаратууда.

Эске салсак, Карыпбеков буга чейин да тайэнеси менен болгон маектерин видео тасмага түшүрүп алып окурмандарына бөлүшүп келет.

Бул жолку видеосунда ал тайэнесине Өмүбек Бабанов тууралуу суроо узаткан. Анда тайэнеси:

"Чындыгын айтканда Бабанов эч нерсе кылган жок. Бабанов сөзунөн гана жаңылды, келе берсин", -деген пикирин билдирген.

Бул видео тасма интернет булактарына тарап көпчүлүк жылуу маанайда талкууга алууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ilim-karypbekovdun-sayasatchy-tajenesinin-babanov-tuuraluu-kyzyktuu-maegi-internette-talkuu-zharatuuda



Добавить комментарий