Видео. "Эт этке шорпо бетке, калганы "AYGEN" пакетке". Тойдогу баштыка кешик салган жигиттер сынга кабылышты
Социалдык тармактарда тойдогу жигиттердин таттууларды талашкан видеосу тарап кызуу талкуу жаратууда. Видеодо жигиттер таттууларды жана боорсок нандарды талашып дасторконду тебелеп баштык талашып ызы чуу түшүп атышканын көрүүгө болот.
Соцтармактарды колдонуучулары жигиттердин бул жоругуна “тартипсиздик” деп баа беришүүдө.
Маалым болгондой тойлордо конок болгон тарап сөссүз түрдө үйдөн куруу кол чыкпай “кешик” ала кетет. Жигиттер дал ошол учурда видеого түшүрүлүп алынган. Айрымдардын айтымында бул кыз узатуу тоюнда тартылган видео. Анткени жалаң жаш жигиттер минтип кыздын үйүнө барганда жеңелерге эркелешет. Бирок жигиттер эркеликти ченеминен ашырып жиберишкендери айтылууда. Үй ээлери болгон жеңелердин биринин тасмада:
“Силердин мындайыңарды билгенде силерге айтпай туруп салып бермекмин”, -дегенин угууга болот.
Көпчүлүктүн сынына кабылган видео тасма кайсыл жакта тартылганы белгисиз, бирок диалектилик сөздөргө маани бере турган болсок түштүк тарапта тартылганын байкоого болот.
Добавить комментарий ×