Видео. “Cambridge School”дун негиздөөчүсү Али Абубакирди башка чапкан учур видеого түшүп калган
ЖМКларга “Айчүрөк” соода борборунун жанында Нигериянын жараны менен аны башка чапкан жигиттин чатагы тартылган видео жарыяланды. Бул конфликттин кесепетинен Нигериянын жараны каза тапкан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Али Абубакирге кол салууга шектелген 1997-жылы туулган К.Э.нин көрсөтмөсүн таратты.
Сотко чейинки тергөө убагында шектүү К.Э 2-июлда ал социалдык түйүндөргө түз эфирге чыгып телефон аркылуу достору сүйлөшүп жатканын айтты. ГУМ “Чынар” соода борборунун жанында телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда ага чет өлкөнүн жараны келип аны телефонго тартпоону өтүнгөн. К.Э. ага “Мен сизди телефонго тарткан жокмун” деп жооп берген. Ошондон кийин Т.А. жаман сөздөрдү айтып сөгүнүп «ЦУМ» соода борборуна чейин экөө айтышып-тартышып барышкан. Ал жерден сөзгө териккен К.Э. ачууланып Т.А.ны бетке чапкан. Жабырлануучу башы менен жерге тийген.
Эскерте кетсек, 2-июль күнү Али Тижжани Абубакир аттуу Нигериянын жараны Бишкектеги соода борборунун жанында сабалып, ооруканага жаткырылган, ал бүгүн 5-июлда эртең менен каза тапты.
Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 3-июль күнү Чүй облусунда 1997-жылы туулган К.Э. аттуу жигит шектүү катары кармалган.
Нигерниянын жараны, “Cambridge School”дун негиздөөчү Тижжани Али Абубакардин сөөгү бүгүн Чоң-Арык айылында жерге берилди.
Социалдык тармактардын колдонуучулары нигериялык менен жигиттин чатагы расизмден улам келип чыккан деп эсептешүүдө.
.
Добавить комментарий ×