“Ош-Баткен-Исфана” автожолун реконструкциялоодо мамлекетке 190 млн сомго жакын зыян келтирилген

7 июнь 2023 11:44 401 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ош-Баткен-Исфана” автожолун реконструкциялоодо мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул тууралуу башкы прокуранын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 


Маалым болгондой, башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары “Ош-Баткен-Исфана” автожолунун 75-108 км реконструкциялоо долбоору боюнча подряддык компанияга 20 млн. 136 миң 220 АКШ доллар которулгандыгы аныкталган.

“Бирок, аталган министрликтин жооптуу кызмат адамдары подряддык компания 189 млн. 200 миң 223 сомдук жумуштарды аткарбагандыгына карабастан, атайын банктык кепилдикти узартпастан, жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алышып, жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизишкен, натыйжада мамлекетке 189 млн. 200 миң 223 сомдук зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 245 (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/osh-batken-isfana-avtozholun-rekonstrukciyaloodo-mamleketke-190-mln-somgo-zhakyn-zyyan-keltirilgen



Добавить комментарий