Видео. Бишкекте борбордук көчөгө суу толуп, айдоочуларды автотыгынга учуратты
Бөлүшүү:
Кечээ, 9-октябрда, саат 20:20 чамасында Бишкек шаарында Жаш гвардия бульвары менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, көпүрөнүн астында, жаан жаабаса дагы суу толуп калган. Бул жолдо бара жаткан авто уунаа айдоочуларына ыңгайсыздык жаратып, бир топ авто тыгынга учуратты. Айдоочулардын айтымында, суу Лев Толстой көчөсүнүн чыгыш тарабынан агып жаткан. Бул тууралуу Эльдар Сапаев аттуу окурман озунун Фейсбук баракчасына бөлүшкөн.
Ал эми бул тууралуу мэрия Barometr.kgге тиешелуу кызматтар өткөрүлүп жатканын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/video-bishkekte-borborduk-kchg-suu-tolup-ajdoochulardy-avtotygynga-uchuratty
Добавить комментарий ×