Видео. Байдын баласы түнкү саат 3тө жалгыз бой аялдын үйүнө «ЛандКрузер» менен кирген

3 июль 2019 15:09 20344 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Алмата областында «ЛандКрузер» айдаган жигит түн ичинде уйкуда жаткан үй-бүлөнүн үйүнө унаасы менен кирип кетти. Бул тууралуу Stan.kz маалымат агенттиги кабарлады.

Үй-бүлө 11 күндөн бери кырсыктан улам жартысы бузулган үйдө туруп жатат. Жалгыз бой аял “унаа кирип кеткенде майып балам мерт болуп кала жаздады”,- деп арызданды.

Ошол окуядан бери 11 күн өтсө дагы аялдын абалын эч ким сурап келген эмес.  

“Байдын балдары. Эмне иштегендерин өздөрү билбейт, буттарына тура албай турган мас немелерди наркологиялык ооруканадан “жеңил даражада кызуу болгон” деп жазып беришиптир. Эмнеге? Мүмкүн акча берип ооздорун жабышты. Андан кийин алар эркиндикте тайраңдап жүрүшөт. Мен болсо майып балам менен ушундай үйдө туруп жатам. Эмне кыларымды билбейм”,-деп айтты Талдыкоргон калаасынын тургуну Аида Базилбаева.

Жалгыз бой аялдын үйүнө түнкү саат 3тө унаа менен кирген мас айдоочу кыйраган үйдү калыбына келтирип берем деп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-bajdyn-balasy-tnk-saat-3t-zhalgyz-boj-ayaldyn-jn-landkruzer-menen-kirgen



Добавить комментарий