Видео. Аялына баргысы келбеген адам атайын кылмыш жасап, түрмөгө отурду

23 май 2019 09:01 3954 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Американын Флорида штатынын 70 жаштагы Леонард Олсен аттуу тургуну автоунааны кылдатсыз айдаганы үчүн кармалган жана үйдөгү аялына барбастан түрмөгө отурганы оң экендигин айтып, полицияларды таң калтырган.

Fox News маалымат булагы жазгандай, бул адам автоунаанын люгунан башын чыгарып алып чоң жолдо бара жаткан. Карама-каршы өтүп бара жаткан айдоочу Олсендин бул кылыгын видеотасмага түшүрүп, полицияга кабарлаган.

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн кармалган бул адам алгач күнөөсүн моюнга албай, кийин бул ишти атайын жасагандыгын айтып берген.

Көрсө, бул үйүндөгү жемекор аялына барбаштын амалы болуптур. Ал өзүнүн аялы жаман мамиле кылаарын, психологиялык басымдардан ушунчалык чарчаганадыгын, акыры мындай кадамга баруу менен андан алыстоону каалагандыгын айтып, үйгө барганчакты түрмөдө отурганы оң экендигин белгилеген.

Албетте, сотко чейин бир канча убакытка болсо дагы анын каалоосу аткарылган. Бирок, ал жасаган кылмыш анчалык оор эмес болгондуктан, ал узак убакытка түрмөдө кала албайт.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ayalyna-bargysy-kelbegen-adam-atajyn-kylmysh-zhasap-trmg-oturdu-video



Добавить комментарий