Видео. Аял үйдө жалгыз отурганда түн ичинде жылан келип эшиктин коңгуроосун басты
Бөлүшүү:
Американын Техас штатында жылан дубалдан сойлоп түшүп каалганын коңгуроосун баскан окуя катталды. Бул тууралуу кызыктуу видеону UPI порталы жарялады.
Конверс шаарынын тургуну Белинда Муниас түнкү саат бирде эшиктин коңгуроосу шыңгыраганынан барып ачкан жана сырттан жыланды көргөн.Окуя 30-июнда жекшемби күнү болгон. Видео камерадан алынган роликтен жылан кантип сойлоп келгенин көрүүгө болот.
Муниас үйдө жалгыз болгондуктан катуу корккон. Аял мындай ысыктан жыландан сактануу керектигин айтуу менен бул видео башкаларга эскертүү иретинде болсун деген ниетте анын социалдык тармактарга жарыялаганын кошумчалады.
Добавить комментарий ×