Видео. Ата-энесин издеген бала 14-кабатта чыга калып, бирок аман калды

16 май 2019 12:03 4232 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кытайдын Цзянсу провинциясынын Суцянь шаарында кичинекей наристе мерт болуп кала жаздады. Бул окуяны чагылдырган видотасманы Daily Mail басылмасы таратты.

Жергиликтүү ММКлар баланын үйдө жалгыз калгандыгын, ал ата-энесин издеп, көп кабаттуу үйдүн балконун аттап, кабат үйдүн алкакчасына илинип калгандыгын жазышкан. Наристе катуу ыйлаганда ылдыйкы кабаттагы кошуна угуп, баланы куткарууга аракет кылган, бирок натыйжа чыккан эмес. Коңшу адам баланы сооротуп, ал эми аны көргөн адамдар полицияга кабарлашкан.

Баласынын коркунучта экендигин полиция кызматкерлеринен билген наристенин ата-энеси үйүнө кайтып келишип, аны куткарып калышкан.

       

Ссылка: https://barometr.kg/video-ata-enesin-izdegen-bala-14-kabatta-chyga-kalyp-birok-aman-kaldy



Добавить комментарий