Вице-премьерлер кыргыз-казак чек арасында токтоп турган айдоочулар менен жолукту. Эмне кеп болду?

21 январь 2020 18:43 1037 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьерлер Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал менен таанышып, жүк ташуучулар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Казак тараптын кошумча текшерүү боюнча бир тараптуу кабыл алган чараларынын негизинде «Ак-Тилек» өткөрүү жайынын жанында оор жүк ташуучу унаалар топтолуп калууда.

Тиешелүү мамлекеттик органдар түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

«Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө киргизилгендиктен жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда», — деди вице-премьер Жеңиш Разаков.

Жүк ташуучулар жолугушуу учурунда товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти.

Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.

Вице-премьерлер ошондой эле «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жердеги товарларды жана жүктөрдү каттоонун сервистик пункттунун курулуш иши менен таанышты.

Белгилүү болгондой, 10 күндүн аралыгында курулуш иштери аяктайт.

Тармактык органдарга кыска мөөнөттүн ичинде сервисттик пункттун материалдык-техникалык базасын жабдуу, видеокөзөмөл камераларын орнотуу, сервисттик пункттун ишинин тартибин, регламентин бекитүү жана бул тууралуу жүк ташуучуларга маалымдоо тапшырмасы берилди.

 Мындан тышкары посттордо орнотулган бардык компоненттерди бириктирген аналитикалык маалымат системасын ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/vice-premerler-kyrgyz-kazak-chek-arasynda-toktop-turgan-ajdoochular-menen-zholuktu-emne-kep-boldu



Добавить комментарий