Ош-Бишкек жолунда каттаган айдоочулар текшерилип, эскертүүлөр берилди
Ош-Бишкек каттамында каттаган айдоочулар арасында унаалардын техникалык абалы текшерилип, түшүндүрү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу кайгуул кызматынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында такси кызматын аркалаган жеңил унаа каражаттарынын айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.
“Өзгөчө Ош-Бишкек каттамында каттаган айдоочулар арасында унаалардын техникалык абалына, айдоочунун эс алуу убактыларына көңүл бурууга чакырышууда.
Жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертишти”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-bishkek-kattamynda-kattagan-ajdoochular-teksherilip-eskertlr-berildi
Добавить комментарий ×