Польшадан келген дарыгерлер кыргызстандык кесиптештерине жана жабдууларга баа берди

24 апрель 2020 14:03 2364 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросунун кеңсесинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү алкагында өлкөгө Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилесек, 19-апрелде Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 адистен турган медициналык топ келген. Медиктер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт. 

Вице-премьер-министр өлкөгө медициналык эксперттер тобунун өз учурунда келгендигин жана жер-жерлерде атамекендик медициналык кызматкерлер менен биргелешкен кызматташуусу орун алып жаткандыгын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө адистердин байкоолорунун жыйынтыгы чыгарылып, кыргыз адистери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча пикир алмашуу орун алды.  

Өз кезегинде польшалык врачтар кыргыз дарыгерлеринин кеспипкөйлүгүнө жана ооруканалардын жабдылышына жогору баа берди. Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын дарыгерлерине жана Польшадан келген медициналык эксперттерге, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Польшадан келген дарыгерлер тобу Кыргыз Республикасынын аймактык ооруканаларына барып, биздин врачтар менен биргеликте оорулууларды карап чыгып, медициналык кызматкерлердин оору жугузуп алуу себептерин талдоого алышат.

Жолугушууга КР президенттик аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана КРдеги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңсесинин башчысы Назира Артыковалар катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/vice-premer-ministr-aida-ismailova-polshadan-kelgen-medicinalyk-adister-menen-zholugushtu



Добавить комментарий