Венеция суу ташкынына кабылды

3 ноябрь 2021 10:25 1749 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Катуу жааган жамгырдан жана шамалдан улам Италиядагы Венеция шаарында суу ташкынынан коргоочу система ишке киргизилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Бийлик жума күнү суу ташынкы болорун, ал эми шаршемби күнү кечинде суунун деңгээли дагы 1,35 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин прогноз берүүдө.

Метеорологдор бүгүн шаршемби жана эртең бейшембиде дагы катуу жамгырдын жаашын күтүп жатышат. Шаарга жалпысынан суу ташкынынан коргоочу 78 тосмо курулган жана ал өткөн жылдан бери ишке киргизилмек болуп жаткан.

Миллиарддалган каражат сарпталган долбоор көп чатактар менен коштолуп жатып бүткөрүлгөн. Аталган система жыл бою иштери күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/veneciya-suu-tashkynyna-kabyldy



Добавить комментарий